Редакцияот 10.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XX сессиясы

2023-жылдын 10-февралы № 20/10

Осоавиахим айылынын аталышын “Молдо-Кылыч” айылы кылып өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Осоавиахим айылынын тургундарынын демилгеси Осоавиахим айылын “Молдо Кылыч” айылы кылып өзгөртүү киргизүү сунушун жана Осоавиахим айылынын жалпы тургундарынын чогулушунун Протоколун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Осавиахим айылынын тургундарынын демилегси Осоавиахим айылын “Молдо Кылыч” айылы кылып өзгөртүү сунушу жактырылып, Осоавиахим айылы орусча аталышта болгондуктан “Молдо Кылыч” айылы деп өзгөртүлсүн.

 

2. Осоавиахим айылынын жалпы тургундарынын Осоавиахим айылынын аталышын “Молдо-Кылыч” айылы деген аталышка өзгөртүп берүү жөнүндөгү суроо талаптары канааттандырылсын.

 

3. Айылдын атын өзгөртүү боюнча иш кагаздарын тийиштүү мекемелерге сунуштоо жагы Осоавиахим айылынын айыл башчысы С. Шаршеновго жүктөлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Жумалы уулу Адил