| Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 10.02.2023-ж №20/11 токтомуна тиркеме |
Чолпон айыл аймагынын Чолпон айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү, жашылдандыруу,
тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук
тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү
боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” №305
Жарлыгын 2023-2025-жылдарга Чолпон айыл аймагындагы түзүлгөн иш аракеттер планы
төмөндөгүдөй таризде бекитилсин:
1) Бекитилген иш аракеттер планы боюнча толук кандуу иш алып баруу жагы жер турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Жаныш уулу Ормонго милдеттендирилсин жана ошондой эле ар бир айылдын айыл башчыларына милдеттендирислсин.
2) Чолпон, Осоавиахим, Тармал-Саз, Эпкин, Ак-Чий, Узун-Булак, Ара-Көл, Оро-Башы, Туз айылдарында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча толук кандуу иш аракеттер жүргүзүлсүн, мекеме кызматкерлеринин катышуусунда бактар отургузулсун.
3) Жашылдандыруу: Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет: бак-дарактарды отургузуу-бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер – жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо чөптөрдү тазалоо, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөтөрдөн коргоо, жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү коргоо (бардык тиешелүү жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү; куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар; газонду багуу боюнча жумуштар - тырмоо, жумшартуу, жер семирткичтерди чачуу, сугаруу, отоо чөптөрдү тазалоо, таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды жыйноо, топуракка отургузуу, газондун капталындагы өсүмдүктөрдү кыюу, чөптөрдү чабуу, пестециддер жана гербициддер менен дарылоо; -скверлерди жана бакчаларды тосуу ; - айыл жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу .
4) Катуу турмуш – тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу-ар бир айылды Чолпон Тазалыктын трактор-погрузчиги кыдырат, жалпы айыл тургундары таштандыларын чогултуп жүктөп берүүнү аткарышат. Ар бир айылды жумасын 1 жолу кыдырат.
5) Жашыл аймактарды уюштуруу, сквер, парк, эс алуучу жашыл зоналарды уюштуруу.
6) Ак-Бел участкасындагы таштанды таштоочу жайдын айланасын тосуу, таштандыларды өз убагында көмдүрүү иштери жүргүзүлсүн.