ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XX сессиясы
2023-жылдын 10-февралы № 20/14
Айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жана 2023-2026-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү программасы жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековдун 2023-жылга жана 2023-2026-жылдарга карата айыл өкмөтүнүн стратегиялык өнүгүү планы боюнча программасын угуп жана талкуулап “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жана 2023-2026-жылдарга карата айыл өкмөтүнүн стратегиялык өнүгүү программасы бекитилсин (тиркеме тиркелет)
2. Инвестициялык долбоорлорду тартуу, өз убагында иш кагаздарын долбоорлорго сунуштоо жагы Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси Дүйшөнбек уулу Максатка тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жана 2023-2026-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү программасын толугу менен ишке ашыруу жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго тапшырылсын.
Төрага | Жумалы уулу Адил |