Редакцияот 19.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 19-ноябры № 26

 Гүлдесте балдар бакчасына  кошумча тайпа ачуу жөнүндө       

               2021-2022-жылыбалдарды балдар бакчасына кабыл алууда айылдарда кезекте турган балдардын ата-энелеринин жана Акман айыл өкмөтүнүн атайын комиссиясынын корутундусун эске алып, “Гүлдесте” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу боюнча суроо талаптарды чечүү максатында “Гүлдесте” балдар бакчасынын башчысы 16-ноябрь 2021-жылдагы №01-14/60 сандуу кайрылуусун карап  талкуулап чыгып  Акман айылдык Кеңешинин VIII  чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акман айыл өкмөтүнүн Кайырма айылындагы “Гүлдесте” балдар бакчасына 30 бала үчүн кошумча тайп аачуу.                                                                                                  

2. Кошумча ачылган тайпага тамак, аш сатып алуу үчүн Акман айыл  өкмөтүнөн бюджетинен каралып, райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.

3. Кошумча ачылган тайпа үчүн, штаттык бирдикке тиешелүү иш орундарын ачып берүү жагы Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

4. “Гүлдесте” балдар бакчасынын башчысы К.Шайдилдаева тайпаларга балдардын келүүсүн толук камсыз кылуу жана берилген план тапшырманы өз убагында аткаруу жагы милдеттендирилсин.               

5. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл округунун башчысы М. Коконовго жүктөлсүн.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук, укук тартиби, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.

 

Акман айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Тилекеев