Редакцияот 21.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 21-июну № 11

Акман   айыл өкмөтүнүн  Жараке айылынын  Усенов  Жумабек көчөсүнүн  тургундарынын кайрылуусун  кароо  жөнүндө

 

          Акман айыл аймагынын Жараке  айылынын Усенов  Жумабек көчөсүнүн тургундарынын      2021-жылдын 09.- июнундагы  кайрылуусу жана Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М. Коконовдун сунушун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кенешинин VIII - чакырылышынын кезексиз IV-  сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.              Акман   айыл  аймагынын Жараке  айылынын Усенов  Жумабек көчөсүнүн жашоочусу Шерматов  Курбанбек Садыковичтин  менчик 6 (алты) бөлмөлүү турак жай үйүн мектепке чейинки балдарды тарбиялоо үчүн  балдар бакчасы болуп ачылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 7-сентябрындагы №03-1/4068 сандуу катынын “Келечек үчүн билим берүү” долбооруна киргизип Шерматов  Курбанбек Садыковичтин   6 бөлмөлүү үйүнүн 3-5жаш курактагы балдарга бала бакча (3-сааттык) ачууга 2 тайпага ылайыкташтырылып 2 бөлмөсү ажыратылып берилсин.

3. Шерматов  Курбанбек Садыковичтин  6 (алты) бөлмөлүү үйүнүн 3-5 жаш курактагы балдарга, бала бакча (10 сааттык) ачууга калган 4 бөлмөсү,  2 тайпага ылайыкташтырылып берилсин.

4. Мындан сырткары он жылдык мөөнөткө келишимдин негизинде имараттын иштешин колдоого алып,  баардык учурдагы эскплуатациялык чыгымдарды төлөп берүү жана жайларды талаптагыдай абалда кармоо жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М. Коконовго милдеттендирилсин.

5. Мектепке чейинки балдарды тарбиялоого ачылып жаткан балдар бакчасынын аты “Эламан” бала бакчасы деп аталсын.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М. Коконовго милдеттендирилсин.

 

Акман айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Тилекеев