Редакцияот 21.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын

 

 

2023-жылдын 21-февралындагы № 1

 

Ак-Турпак айыл аймагындагы Кызыл-Коргон, Кара-Тумшук жана Өтүкчү айылдарында иштелип жаткан башкы план жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл аймагындагы Кызыл-Коргон, Кара-Тумшук жана Өтүкчү айылдарында иштелип жаткан башкы пландын концепциясы боюнча маселени айылдык кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап айылдык кеңешин сессиясы токтом кылат:

 

1. Кызыл-Коргон, Кара-Тумшук жана Өтүкчү айылдарында иштелип жаткан башкы пландын концепциясы жактырылсын.

2. Айылдарда жүрүгүзүлүүчү башкы план толук кандуу аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысын орун басары М.Сатыбалдыев жана жер маселелери боюнча башкы адиси Ш.Маккамбаевдерге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Имаров