Редакцияот 23.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 23-июлу № 15

Акман айыл аймагындагы жаңы ачылган бала бакчалардын тамак ашы жөнүндө

 

Акман айыл аймагындагы жаңы ачылган бала бакчаларга өкмөт тарабынан каралуучу тамак-ашы боюнча М.Коконовдун берген маалыматын  угуп жана талкуулап Акман айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  V сессиясы

                                                       

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Акман айыл аймагынын  Жараке айылындагы жаңы ачылган “Эламан” бала бакчасы жана Колот айылындагы “Жыпара” бала бакчаларынын тамак-ашына,  ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражаты 25 сомго бекитилсин.

2. Бөлүнгөн каражатты камсыздап берүү жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М. Коконов жана айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Эсенбаевге жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык Кеңешинин каржы   экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Акман айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Тилекеев