ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 4-апрели № 22/2
Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында малчылардын көчүп-конуу мөөнөтүн белгилөө жана мал багуунун акысын бекитүү жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Токтомушов Тунуктун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көчүп-конуу мөөнөттөрү:
-Ортонку жайыттарга көчүп чыгуу мөөнөттөрү 20-апрелден 1-майга чейин;
-Ыраакы жайыттарга көчүп конуу 1-июндан 10-июнга чейин;
-1-октябрдан ыраакы жайыттардан ички жайыттарга көчүп түшүү мөөнөтү белгиленсин;
-Айдоо аянттары 25-апрелден баштап корук болсун.
2. Малчылардын малга алган акысы:
-бодого 500 сом;
-майда жандыктарга (кой, эчки) 60 сом;
-музоо, кулунга 250 сом болуп бекитилсин.
3. Малчыларга жайыт билеттерин, келишимдерин даярдап берүү жагы жайыт пайдалануу бирикмесине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |