САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Могол айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 1-отуруму
2024-жылдын 22-январы № 1/1
Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2022-жылга аткарылышы, 2023-жылга маалыматы, 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү,2025-2026-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Могол айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 22581,2 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 8117,1 мин сомго (анын ичинен атайын каражаттар–385,0 мин сом), тендештируучу трансферт -8498,0 мин сомго, республикалык бюджеттен берилуучу максаттуу трансферттер-4187,0 миң сомго,откон жылдан калган калдык 1779,1 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 21402,8 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Сары-Могол айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 31378,1 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 29838,7 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3.Сары-Могол айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 19526,1 миң сомго, анын ичинен тендештируучу трасферт -13489,5 мин сом, өздүк киреше 6036,6 мин сомго (анын ичинен атайын каражаттар – 200,0 мин сом) бекитилсин.
4. 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 20145,1 миң сомго, анын ичинен:тендештируучу трансферттер 13489,5 мин сомго, өздүк киреше 6655,6 мин сомго(анын ичинен атайын каражаттар – 200,0 мин сом), 2026- жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 20917,1 миң сомго анын ичинен:тендештируучу трансферттер 13489,5 мин сом, өздүк киреше 7427,6 мин сомго(анын ичинен атайын каражаттар – 200,0 мин сом) долбоорунун болжолу бекитилсин.
5.Сары-Могол айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
6.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы К.Анарбаевге жана ФЭБ башчысы А.Исмановго милдеттендирилсин. 7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет боюнча комитетинин төрайымы Т.Мурзакуловага милдеттендирилсин.
Төрага: | Жээнбай уулу М |