Редакцияот 04.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезексиз XXII сессиясы

2023-жылдын 4-апрели № 22/6

Чолпон айыл өкмөтүндөгү бюджеттик мекемелердин электр эсептегичтерин акылдуу эсептегичке алмаштырууга акча каражатын бөлүү жөнүндө

Чолпон айыл өкмөтүндөгү бюджеттик мекемелердин электр эсептегичтерин акылдуу эсептегичке алмаштырууга акча каражатын бөлүү тууралуу Чолпон айыл өкмөтүнүн чыгымдар боюнча адиси Сатыбек уулу Тилектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айыл өкмөтүндөгү бюджеттик мекемелердин электр эсептегичтерин акылдуу эсептегичке алмаштырууга акча каражатын бөлүүгө, айыл өкмөтүнүн бюджетте жана атайын каражаттарынан 2022-жыл ичинде пайдаланылбай калган каражаттары жөнүндө 2023-жылдын 10-февралындагы №20/6 Токтомунун Кочкор-Чаек, Туз-Чолпон кесилишине жол чырак койдуруу бөлүмүндөгү 1430,0 (бир миллион төрт жүз отуз) миң сом акча каражатынан 300,0 (үч жүз) миң сом акча каражаты Чолпон айыл өкмөтүндөгү бюджеттик мекемелердин электр эсептегичтерин акылдуу эсептегичке алмаштырууга акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2. Мекемелерге акылдуу эсептегичтерди орноттуруу жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн чыгымдар боюнча адиси Сатыбек уулу Тилекке эскертилсин.

 

3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А. Усубалиевге тапшырылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго тапшырылсын.

 

Төрага

Жумалы уулу Адил