ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 3-июну № 4
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордуна шайлоо өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укугунун аяктаганына байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы күн тартибиндеги маселени карап ,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укугунун аяктаганына байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укугунун аяктаганына байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Тойгонбаев Эркинбек Абасканович Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлансын.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .
4. Бул токтом www.Janyjol.kg. сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Өзүбеков |