ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 4-апрели № 22/8
Соң-Көл жайлоосуна баруучу унаа өтүүчү жана мал айдап өтүүчү жол салуу жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У.Өмүрбековдун жана Тармал-Саз айылынын тургуну Исмаилов Батырбектин Соң-Көл жайлоосуна Кызарт, Кызыл-Кыя, Чаар-Арча жана Килемче жайлоолорундагы ашуулары аркылуу баруучу унаа өтүүчү жана мал айдап өтүүчү жол салуу тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл аймагынын жашоочуларынын демилгеси эске алынып, Соң-Көл жайлоосуна Кызарт, Кызыл-Кыя, Чаар-Арча жана Килемче жайлоолорундагы ашуулары аркылуу баруучу унаа өтүүчү жана мал айдап өтүүчү жол салуу боюнча жалпы элдин сунушу, ой-пикрилери жактырылсын.
2. Райондук маанидеги унаа өтүүчү, мал айдап өтүүчү жолдорун, анын ичинде мал токтотуучу аянтчаларды белгилеп берүү жагы тийиштүү мекемелерден суралсын.
3. Унаа өтүүчү, мал айдап өтүүчү жолду жана анын ичинде мал токтотуучу аянтчаларды белгилеп берүүгө Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
4. Иш кагаздарын даярдоо жана тиешелүү мекемелерге кайрылуу жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Жумалы уулу Адил |