ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 4-апрели № 22/11
Шамал кубатын пайдалануу менен электр энергия өндүрүү үчүн чакан шамал ГЭСин куруу жөнүндө
Шамал кубатынын негизинде альтернативалык энергия кубатын пайдалануу, кошумча энергия өндүрүү жолдорун издөө жана чакан шамал ГЭСин куруу тууралуу Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У.Өмүрбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Шамал кубатынын негизинде альтернативалык энергия кубатын пайдалануу, кошумча энергия өндүрүү демилгеси жактырылып, Чолпон айыл аймагында чакан шамал ГЭСин курууга уруксаат берилсин.
2. Чакан шамал ГЭСин курууга жер аянттарын тактоо жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн жер турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Жаныш уулу Ормонго тапшырылсын.
4. Инвесторлор менен иш алып баруу, тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана сатып алуулар боюнча адиси Дүйшөнбек уулу Максатка тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У.Өмүрбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |