Редакцияот 04.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезексиз XXII сессиясы

2023-жылдын 4-апрели № 22/12

Муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө

Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековдун калкка кызмат көрсөтүүнү уюштуруу демилгеси жактырылып, муниципалдык ишкана ачуу тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Калкка кызмат көрсөтүүнү уюштуруу максатында Чолпон айыл аймагында “Чолпон” муниципалдык ишканасын ачууга уруксаат берилсин.

 

2. “Чолпон” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жүргүзүү, иш кагаздарын даярдоо, Юстиция министрлигине каттоого өткөрүү боюнча иш алып баруу жагы Т. Токтомушовго тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Жумалы уулу Адил