АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылыштын XХVII сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 27/3
Сугат суу боюнча кошумча штат алуу жөнүндө
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын башчысы Б. Алияскаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 7-мартындагы “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын киреше чыгашаларын жана штаттык санын бекитүү жөнүндө №25/3 токтомуна ылайык кошумча 2 штаттык бирдик сугат сууларын бөлүштүрүү үчүн мураб алынсын;
- Ак-Секи чөлкөмүнө 1 мураб – 2023-жылдын 15-майынан тартып, 2023-жылдын 15-августуна чейин;
- Кайрыма арык каналына 1 мураб - 2023-жылдын 15-майынан тартып, 2023-жылдын 15-августуна чейин;
- Ичке өрөөнүнөн түшкөн сууга 1 мураб - 2023-жылдын 1-июнунан тартып, 2023-жылдын 15-августуна чейин;
- Чоң-Ача өрөөнүнө түшкөн сууга 1 мураб - 2023-жылдын 1-июнунан тартып, 2023-жылдын 15-августуна чейин;
2. Жер ээлери сугат сууларын пайдалануу үчүн кепилдик төлөмдүн негизинде мурабка кезекке турсун;
3. 1 гектар жер аянтын сугаруу үчүн сугат суусу 1 сутка убакытка берилсин;
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, ak-muz-aimak.kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | Адистен уулу К |