Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылыштын XХVII сессиясы

2023-жылдын 27-апрели № 27/5

Лизингке Комбайн жана Экскаватор техникаларын алуу жөнүндө

Ак-Муз айыл өкмөтүнүн “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын башчысы Б. Алияскаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1.  Коммерциялык сунуштардын негизинде Экскаватор техникасы 5 121 400 (беш миллион жүз жыйырма бир миң төрт жүз) сом жана Комбайн техникасы 9 300 000 (тогуз миллион үч жүз миң) сомго алууга макулдук берилсин;

2.  Экскаватор техникасынын жалпы наркынын 30% 1 536 420 (бир миллион беш жүз отуз алты миң төрт жүз жыйырма) сом жана Комбайн техникасынын жалпы наркынын 30% 2 790 000 (эки миллион жети жүз токсон миң ) сом “Айыл Банк” банкына төлөнүп берилсин;

3.  Комбайн жана Экскаватор техникаларынын страховкасына 169 000 (жүз алтымыш тогуз миң) сом жана растаможкасына 265 350 (эки жүз алтымыш беш миң үч жүз элүү) сом төлөнүп берилсин;

4.  Тиешелүү документтерин топтоо жана тапшыруу “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин;

5.  Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, ak-muz-aimak.kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;

6.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.

 

Төрага:

Адистен уулу К