Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылыштын XХVII сессиясы

2023-жылдын 27-апрели № 27/6

Ичке өрөөнүндөгү БСР жөнүндө

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

1.  Ак-Муз айыл аймагынын Ичке өрөөнүнүн оозундагы эски БСР Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын;

2.  Ичке өрөөнүнүн оозундагы эски БСРди кайра калыбына келтирүү боюнча долбоор жазууга макулдук берилсин;

3.  Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.

 

Төрага:

Адистен уулу К