АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылыштын XХVII сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 27/7
Ак-Секи чөлкөмүнүн көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө
Ак-Муз айылдык кеңештин төрагасы Адистен уулу Казыбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Секи чөлкөмүндөгү жаңы түшүп жаткан көчөлөрүнө Дүйшөмакунов Жакыпакун жана Сулайманкулов Жумакадырдын ысымдарын ыйгарууга макулдук берилсин;
2. Сунуштарда көргөзүлгөн жумуштарды ( көчөнүн инфраструктурасын жакшыртуу ж.б) жазоого уруксат берилсин;
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, ak-muz-aimak.kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | Адистен уулу К |