ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 35-сессиясынын кезектеги отурумунун
2024-жылдын 12-январы №5
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак, Жар-Башы айылдарына жана Дароот-Коргон айылындагы жаңыдан курулган А.Рахманова атындагы балдар бакчаларына индексациялык төлөмдөрүн кароого макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак, Жар-Башы айылдарына жана Дароот-Коргон айылындагы жаңыдан курулган А.Рахманова атындагы балдар бакчаларына индексациялык төлөмдөрүн төлөө жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 35-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак, Жар-Башы айылдарына жана Дароот-Коргон айылындагы жаңыдан курулган А.Рахманова атындагы балдар бакчаларына индексациялык төлөмдү айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен төлөөгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөжагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |