Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын кезектеги отурумунун

 

2024-жылдын 3-апрели №1 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин жыл  ичинде аткарылышын кароо жөнүндө 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин  жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичтин  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин жыл  ичинде аткарылышы тууралуу маалыматын   Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.  Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин жыл ичиндеги киреше бөлүгү                    85 040 322 сомго аткарылып, ал эми чыгаша бөлүгү  71 123 922сомду түзүп

-                    аппаратка  24 064 314  сом

-                    айылдык кеңешке 963 875  сом

-                    жайытка 839 000  сом

-                    ЖКХ  21 030 695   сом

-                    өзгөчө кырдаалдарга 250 000 сом

-                    мектептерге 8 037 370 сом

-                    маданий иш чараларга 800 000 сом

-                    бала бакчаларга 10 606 368 сом

-                    клубтарга  2 298 100  сом

-                    китепканаларга  1 885 700  сом

-                    социалдык жардамдарга 348 500 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.

 

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин

төрагасы:

С.Мойдунов