ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын кезектеги отурумунун
2024-жылдын 03-апрель №2
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинен 2024-жылга калган калдыкты кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинен 2024-жылга карата калган калдыктарды бөлүштүрүү жөнүндө долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинен калган 13 916 400 сом акча каражаты 2024-жылдын бюджетине өткөрүлүп берилип төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
- маданий иш-чараларга 50 000 сом
- ЖКХ 4 267 200 сом
- мектептерге 4 299 200 сом
- бала бакчаларга 5 250 000 сом
- китепканаларга 50 000 сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |