ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ЖЕТИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 36-СЕССИЯСЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ОТУРУМУ
Токтом № 3
3-апрель 2024-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн акча каражатын кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы Алайы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө өздүк салым үчүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен 6 000 000 сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социлдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов. |