Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык  Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIX сессиясы

2024-жылы 21-майы №34

Алты-Адыр участкасындагы өнөр жай үчүн транформацияланган жер аянттарынын багытын бекитип берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №2 протоколунун негизинде  Алты-Адыр участкасындагы өнөр жай үчүн транформацияланган жер аянттарынын багытын бекитип берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр участкасындагы өнөр жай үчүн транформацияланган жер аянттарынын багыты төмөнкүдөй болуп бекитилсин.

1. Тоокканалар комплекси –20,0 га

2. Логистикалык комплекси –60,0 га

3. Үлүл таш кесүүчү цех - 0,45 га

4. Заправка газ, тех, дүкөн, мойка, тойкана, ашкана – 1,63 га

5. Заправка газ, тех, дүкөн, мойка, тойкана, ашкана – 1,58 га

6. Айыл чарба фермасы – 4,0 га

7. Жашылча мөмө жемиш кургатуучу цех, таза суу кампасы – 10,0 га

8. Соода түйүндөрү - 6,7 га

10. Жашылча мөмө жемиш кургатуучу цех, таза суу кампасы, заправка газ, тех, дүкөн, мойка, тойкана, ашкана, соода түйүндөрү, таш кесүүчү цех, логистикалык борбор – 12,0 га

11. Асыл тукум мал чарбасы үчүн - 10,0  га

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

Айылдык

кеңештин төрайымы:

 

Ж.Шадиманова