Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык  Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIX сессиясы

2024-жылы 21-майы №36

Муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

 

 

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши

Токтом кылат 

1. Кара-Бак айыл аймагындагы төмөнкү ишканалар: жайыт комитети, тазалык, агын суу, сугат суу, ишканалары

1.     “Анар-Суу” таза суу муниципалдык ишканасы,

2.     “Ак Суу Кара-Бак” сугат суу муниципалдык ишканасы,

3.     “Кызыл-Конуш” таза суу муниципалдык ишканасы,

4.     “Кызыл-Кыр” сугат суу муниципалдык ишканасы,

5.     “Кара-Бак Жайыт” муниципалдык ишканасы,

6.     “Кара-Бак тазалык” муниципалдык ишканасы,

7.     “Кызыл-Бел тазалык” муниципалдык ишканасы деп түзүп айыл өкмөтүн балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

 

.

 

Айылдык

кеңештин төрайымы:

 

Ж.Шадиманова