Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын кезектеги отурумунун

 

2024-жылдын 3-апрели №4 

Кызыл-Эшме айылдык маданият үйүнүн башчысы Абдимуталип уулу таланттын кайрылуусун кароо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу КызылЭшме айылындагы  маданият үйүнүн башчысынын Кызыл-Эшме айылдык маданият үйүнө керектелүүчү музыкалык аппаратура жана эмеректерди алууга акча каражатын бөлүп берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1.     Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Эшме  айылындагы маданият үйүнө керектелүүчү музыкалык аппаратура жана эмеректерди алуу үчүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен 267 000  сом бөлүнүп берилсин.

 

2.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социлдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин

төрагасы:

С.Мойдунов