КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIX сессиясы
2024-жылы 21-майы №37
Кара-Бак айыл өкмөтүнө 2003-жылы алынган товардык кредитин төлөөгө каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Бак айыл өкмөтүнө 2003-жылы алынган товардык кредиттин штраф жана проценттик төлөмдөрүн төлөө үчүн айыл өкмөтүнөн 634810,58 сомду КР финансы-кредиттик фондунун эсебине Зардалы көпүрөсүнө бөлүнгөн акча каражатынан 2221 статьясынан 634810,58 сом акчаны 2215 статьясына жылдырып бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж.Шадиманова |