КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIX сессиясы
2024-жылы 21-майы №38
Теплица жана сугат суу каналын куруу долбооруна салым үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде чарбалык долбоорду колдоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2024-жылдагы сметада Кызыл-Бел айылындагы спорт залга салым катары бөлүнгөн 150 000 сом акча каражатынан, теплица курууга салым катары 50 000 сом, жана сугат суу каналын курууга салым катары 100 000 сом жылдырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж.Шадиманова |