НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылыштагы кезектеги XXXVII сессиясы
2021-жылдын 10-марты № 5
Нарын шаарындагы №4 Көтөрмө аймагына Ниязбек Касымалиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин негизинде Нарын облусунун, Нарын районунун жана Нарын шаарынын ардагерлер кеңештеринин бирдиктүү жыйынынын протоколунун жана Нарын шаардык мэриясынын сунушунун,Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, коомдук эмес уюмдар, массалык маалымат каражаттары боюнча» туруктуу комиссиянын отурумунун протоколуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаарындагы №4 Көтөрмө аймагы мындан арымаркум Ниязбек Касымалиев атындагы №4 көтөрмө аймагы деп аталсын.
2. Аймактынинфраструктурасын жакшыртуу, инвестиция тартуу жагы Ниязбек Касымалиевдин уулдарына жүктөлсүн жана Нарын шаарынын мэриясы менен бирдикте аймакты өнүктүрүү боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ботоканов |