Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы

2024-жылдын 21-майы  № 5/1

 Үч-Коргон айыл аймагынын Калтак айылындагы “Манас-Ата” орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык өңдөө үчүн акча каражаты бүлүштүрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекс мыйзамдарынын жетекчиликке алып, Үч-Коргон айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            Калтак айылындагы “Манас-Ата” орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоо  долбоору үчүн өздүк салым катары 2024 – жылдын бюджетинен 725 000 ( жети жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты бөлүштүрүлүп берилсин.

2.            Калтак айылындагы “Манас-Ата” орто мектебинин жылытуу   системасын   капиталдык оңдоодон өткөрүү  үчүн бөлүштүрүлгөн акча көлөмүн мыйзам чегинде атайын эсепке которуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.            Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Үч-Коргон айылдык кеңешинин финансы жана бюджет маселелери   боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

М.Кочконова