Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын кезектеги отурумунун

 

2024-жылдын 3-апрели  №5

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы ичүүчү таза сууларды Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Дара таза суулары” муниципалдык ишканасына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө.

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин    Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы ичүүчү таза сууларды  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Дара таза суулары” муниципалдык ишканасына кошуу  жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1.    Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кулчу, Чак, Жаш-Тилек, Кызыл-Эшме айылдарындагы ичүүчү таза сууларын курулуштары менен Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Дара таза суулары” муниципалдык ишканасына өткөрүүгө макулдук берилсин.

 

2.    Жогоруда аты аталган айылдардагы таза сууларга    тиешелүү иш кагаздарын тактап, толуктап Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Дара таза суулары” муниципалдык ишканасына кабыл алуу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана “Дара таза суулары” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Таштанбековго милдеттендирилсин.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын

Чоң-Алай айылдык кеңешинин

төрагасы:

С.Мойдунов