Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы

2024-жылдын 21-майы  № 5/3

 Үч-Коргон айыл аймагында крайтаану – тарыхый музей уюштуруу жөнүндө

 

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы тарыхый баалуу мурастарды сактоо, айыл өкмөтүнүн түптөлүшүнө салымын кошкон атуулдардын эмгектерин эскерүү, келечек муунга айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган улуттардын үрп-адаттарын, каада-салттарын, жарандык патриотизмди, маданий, руханий чөйрөнү өнүктүрүү максатында жана элдин көптөгөн кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 24-июль №193 Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндөгү Мыйзамынын 3-глава 13-беренесине ылайык, Үч-Коргон айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы тарыхый баалуу мурастарды сактоо, айыл өкмөтүнүн түптөлүшүнө салымын кошкон атуулдардын эмгектерин эскерүү, келечек муунга айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган улуттардын урп-адаттарын, каада-салттарын, жарандык патриотизмди, маданий, руханий чөйрөнү өнүктүрүү боюнча крайтаану – тарыхый музейжөнүндөЖобо бекитилсин (жобо тиркелет).

2.            Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жыл 28-августундагы № 03-12/296-1-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

3.            Үч-Коргон айыл өкмөтүндө Музейди уюштуруу маселелерин координациялоо боюнча жаңыдан «Жумушчу топ» бекитилсин.

4.            Музейди уюштурууга байланыштуу иш-чараларга керектүү акча каражаты менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

5.            Айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын, мектептердин, балдар бакчалардын жетекчилери музейдин экспонаттарын толуктоо боюнча “Жумушчу топко” жакындан жардам берилсин.

6.            Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөжагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

М.Кочконова