ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын кезектеги отурумунун
2024-жылдын 3-апрелиндеги №6
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык-Памир” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык-Памир” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырлышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында “Тазалык-Памир” муниципалдык ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомунун негизинде жайыт пайдалануучулар бирикмеси ишмердүүлүгү айыл өкмөттөрдүн карамагына өткөндүгүнө байланыштуу “Тазалык-Памир” муниципалдык ишканасы жайыттарды пайдаланууну, тазалыкты, жашылдандырууну өзүнө камтысын.
3. “Тазалык-Памир” муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция министрлигинин тийиштүү органдарынан юридикалык жак катары каттоодон өткөрүлсүн.
4. Тиешелүү иш кагаздардын даярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичке милдеттендирилсин.
Ушул көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылганы ырас.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |