Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы

2024-жылдын 21-майы  № 5/7

Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Тегирмеч айылында жайгашкан үлүш жерлерде эгилген эгиндерге кароолчу дайындоо жөнүндө

Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылынын дыйкан чарбаларынын мүчөлөрүнүн кылкандуу дан эгиндерин мал-жандыктардан коргоп бериңиздер деп жазган арыздарын канаттандыруу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылынын дыйкан чарба мүчөлөрүнүн элдин үлүш жерлерине эгилген кылкандуу дан эгиндерин мал-жандыктардан коруктап, сактоо үчүн кароолчу дайындалсын. 

2.     Жусубалиев Абдурашит Аширбаевич Үч-Коргон айыл аймагынын Тактек зонасындагы элдин үлүш жерлерине короолчу болуп дайындалсын. 

 

3.     Кароолчунун эмгек акысын дыйкан чарбалардын эсебинин макулдугу менен төлөнүп берилсин.

4.     Токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.Шакировго жүктөлсүн.

 

5.     2021- жылдын 28- октябрындагы №128  Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиндеги беренелерине ылайык эсептик өлчөмдө айып пул салынсын.

Төрайым

М.Кочконова