Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын кезектеги отурумунун

2024-жылдын 3-апрелиндеги №7

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө контрактык негизде кошумча кабыл алынган кызматкерлердин эмгек акыларынын ченемин бекитүү жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чон-Алай айыл өкмөтүнө максатка ылайыктуулугуна, керектөөлөрүнө жараша шттаттын жалпы санынан тышкары, контракттык негизде кошумча шттаттык бирдикке кабыл алынган кызматкерлердин эмгек акыларынын өлчөмүн белгилеп жана  бекитип берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1.    Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 01-25/63 чыгыш сандуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарында штаттан тышкары контракттык негизинде кабыл алынган айыл башчылардын жана кызматкерлердин ишин уюштуруу боюнча буйругу менен бекитилген Усулдук колдонмого ылайык айыл өкмөтүнө контракттык негизде кабыл алынган кызматкерлердин эмгек акысы бардык салык төгүмдөрүн  жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн эске алуу менен жалпы 35 000 (оттуз беш миң) сом болуп белгиленсин.

     

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин

төрагасы:

С.Мойдунов