Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 35-сессиясынын кезектеги отурумунун

 

2024-жылдын 03-апрели №8 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы атайын каражаттарынан калган калдыктарды бекитүү жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун  Чон-Алай айыл өкмөтүнүн    2023-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган акча каражатын 2024-жылдын бюджетине өткөрүү жана кайра бекитүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1.    Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы атайын каражатынан калган 87 700   сом акча каражаты 2024-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын.

-        Аппараттын атайын каражаттарына 87 700  сом

     

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социлдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин

төрагасы:

С.Мойдунов