ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын кезектеги отурумунун
2024-жылдын 03-апрели №11
Жайыт комитетинин 2023-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган калдыктарды бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жайыт тармагы боюнча 2023-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган акча каражатын 2024-жылдын бюджетине өткөрүү жана кайра бекитүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайыт комитетинин 2023-жылдагы атайын каражатынан калган 20 сом акча каражаты 2024-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын.
- жайыт комитетинин атайын каражатына 20 сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |