ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын кезектеги отурумунун
2024-жылдын 03-апрели №12
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин кайрылуусун кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кулчу, Чак, Жаш-Тилек айылдарындагы жана Дароот-Коргон айылындагы Н.Туйгунов атындагы каналдарды жазгы сугат иштерине карата тазалоодо каналдардын кырына өз алдынча өсүп чыгып каналга жолтоо кылган бак-дарактарды алып салуу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кулчу, Чак, Жаш-Тилек айылдарындагы каналдардын жана Дароот-Коргон айылындагы Насиридин Туйгунов атындагы каналын жазгы сугат иштерине карата тазалоодо каналдардын кырына өз алдынча өсүп чыгып каналга жолтоо кылган бак-дарактарды алып салууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |