Редакцияот 18.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык кеңешинин кезексиз I сессиясы

2021-жылдын 18-январы № 3

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына 2021-жыл ичинде жарыяларды берүү үчүн каражат кароо жөнүндө

Айылдык кеңештин токтомдорун жана ар түрдүү жарыяларды калк арасына жайылтууда ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында, Көк-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.Көк-Таш айылдык кеңешинин кабыл алган токтомдорун жана ар түрдүү жарыя материалдарды Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына 2021-жыл ичинде толук жарыялоо үчүн, жеке ишкер Алчынбаев Бектур Балтагуловичке келишимдин негизинде бир жылга 24 000 (жыйырма төрт миң) сом каражатууга макулдук берилсин.

2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жакыев