Редакцияот 19.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы

2021-жылдын 19-февралы № 1

Көк-Таш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражаттын калдыктарын бекитүү жөнүндө

Көк-Таш айылдык аймагынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Эгемовдун 2021-жылдын 1январына карата жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражаттын калдыктары тууралуу маалымат-билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.2021-жылдын 1-январына карата Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин калдык акчасы 56433,3 миң сом болуп тиркемеге ылайык, атайын каражаттын калдыгы 187, 2 миң сом болуп тиркемеге ылайык бекитилсин жана чыгашасы жергиликтүү бюджеттин 3111 курулмалар статьясына 56286,1 миң сом, 2218 тамак-аш статьясына 147, 2 миң сом, ал эми атайын каражаттын 2218 статьясына 187,2 миң сом болуп жумшалсын.

2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н. Жакыев