КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 9-марты № 3
Сыйлоо жөнүндө
Көк-Таш айылдык кеңешинин депутаты, айылдык аймактын “Ардактуу атуулу” М.Абдиевди жана Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы” У.Токтошовду көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн сыйлоо максатында Көк-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Көк-Таш айылдык кеңешинин депутаты, айылдык аймактын “Ардактуу атуулу” М.Абдиевди көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн 55 000 (элүү беш миң) сом акчалай каражат менен, Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы” У.Токтошовду ардактуу эс алууга чыгып жаткандыгы үчүн бир ноутбок принтери менен сыйлоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратылсын.
2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |