Редакцияот 09.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы

2021-жылдын 9-марты № 4

“Көк-Таш тазалык” МИнин жетекчиси Б.Нышановду бошотуу жөнүндө

“Көк-Таш тазалык” МИнин жетекчиси Б.Нышановду ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндөгү Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровдун сунушун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.Көк-Таш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровдун сунушунун негизинде, “Көк-Таш тазалык” МИнин жетекчиси Б.Нышанов ээлеген кызматынан бошотулсун.(тиркеме тиркелет)

2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н. Жакыев