Редакцияот 15.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 21-отуруму (сессиясы)

2021-жылдын 15-майы № 21-4

Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жар-Коргон ,Чеч-Дөбө айылындагы көчөлөрүнүн атын өзгөртүү жана аты жок көчөнүн атына ат коюу жөнүндө

 

            Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жар-Коргон айылындагы Алтын-Казык көчөсүнүн атын Бекмамат Маликовдун атына өзгөртүү жөнүндө депутат Г.Асаеванын жана Чеч-Дөбө айылынын аты жок көчөсүнө Амиров Анарбайдын атын коюу жөнүндө С.Рахмановдун билдирүүлөрү жана тургундардын кайрылууларына негиз, Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап,Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жар-Коргон айылындагы Алтын-Казык көчөсүнүн атын Бекмамат Маликовдун атына өзгөртүү жөнүндө депутат Г.Асаеванын жана Чеч-Дөбө айылынын аты жок көчөсүнө Амиров Анарбайдын атын коюу жөнүндө С.Рахмановдун билдирүүлөрү жана тургундардын кайрылуулары канааттандырылсын.

2. Жар-Коргон айылындагы Алтын-Казык көчөсүнүн аты Бекмамат Маликовдун атына өзгөртүлсүн жана Чеч-Дөбө айылынын аты жок көчөсүнө Амиров Анарбайдын аты ыйгарылсын.

3. Жар-Коргон айылындагы өзгөртүү киргизилген Бекмамат Маликовдун жана Чеч-Дөбө айылындагы Амиров Анарбайдын атына берилген көчөнүн иш кагаздарын даярдоо үчүн  «кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан уруксат алуу айыл өкмөтүнүн Жер боюнча башкы адиси М.Маликовго милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңешинин « айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология   боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Н.Жолдошов