КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 9-марты № 6
Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 2-февралындагы №19-Б буйругун аткарууну камсыз кылуу жөнүндө
Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 2-февралындагы №19-Б буйругунун негизинде, калктын колундагы жылкыларга чип салып идентификациялоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 2-февралындагы №19-Б буйругунун негизинде, калктын колундагы жылкыларга чип салып, идентификациялоо максатында жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратылсын.
2.Идентификациялоону уюштуруу жана каражат ажыратуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |