Редакцияот 09.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы

2021-жылдын 9-марты № 8

Жалгыз-Өрүк айылындагы ат майданга Адылов Эгемберди Адыловичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтомунун негизинде, Жалгыз-Өрүк айылындагы ат майдандын инфратүзүмүн жакшыртуу, улуттук ат спортун сүйүүчү ышкыбоздорго ыңгайлуу шарт түзүү ниет-милдетин билдирген Адыловтордун арызын угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.Жалгыз-Өрүк айылындагы ат майдандын инфратүзүмүн жакшыртуу, айылдык аймактагы улуттук ат спортун сүйүүчү ышкыбоздорго ыңгайлуу шарт түзүү үчүн, бардык жумуштарга демөөрчүлүк кылуу ниет-милдетин билдирген Адыловтордун арызын канааттандыруу максатында, мурдагы ышкыбоз-чабандес 03.01.1962-жылы туулган маркум Адылов Эгемберди Адыловичтин ысымы ыйгарылсын.(тиркеме тиркелет)

2.Ысым ыйгарууга байланыштуу бардык иш кагаздарын тийиштүү мамлекеттик органдардан каттоодон өткөрүп даярдоо жана ат майданынын инфратүзүмүн жакшыртуу милдетин так аткаруу, санитардык-гигиеналык абалын туруктуу көзөмөлдөп туруу Тажибаев Аргынбай Адыловичке милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жакыев