КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 9-февралы №24/3
28-май 2021-жылы чыккан 2/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин Регламентине ылайык Кочкор айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү боюнча депутаттардын сунуштарын угуп, талкуулап, Кочкор айылдык кеңешинин Регламентинин 12-главасына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» 123-мыйзамынын 36-беренеси, 39-беренесине ылайык, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кочкор айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары төмөндөгү курамда бекитилсин:
1.1.Регламент, депутаттык этика, мандат, укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия;
Курманбаева Жумагүл.
Шеримкадырова Айнура.
Жумагулов Тынчтыкбек.
1.2.Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссия;
Зайналабдилов Эрнис.
Каирова Бурул.
Имангазиев Жаныбек.
Барыктабасов Мунарбек.
Осмоналиев Алымбек.
1.3.Билим берүү, Маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия;
Муратбек кызы Салтанат.
Сламов Бакыт.
Тойтоев Эстен.
1.4. Өнөр жай, инвестиция тартуу жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссия;
Жумамудинова Жылдыз.
Нурманбетов Самед.
Кармышов Улан.
2.Кочкор айылдык кеңешинин Регламентинин 7-главасынын 7.7 бөлүмүнө ылайык Кочкор айылдык кеңешинин туруктуу комисияларынын ичинен төрагасын шайлап беришсин.
3.Иш планына ылайык иш алып баруу туруктуу комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |