КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 9-февралы №24/8
И.Арабаев атындагы мектеп-гимназиясынын жанындагы муниципалдык бак-дарактарды ирээтке келтирүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагындагы И.Арабаев атындагы мектеп-гиназиясынын короосундагы кургап калган жана өсүүсү токтогон бактарды алып салууга жана мектептин тушунда чоң жолдун боюнда ирээтсиз өскөн жапайы кара бактарды декаративдүү кылып кыркууга уруксаат берүү жөнүндө директору Э.Эрмекованын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кочкор айыл аймагындагы И.Арабаев атындагы мектеп-гиназиясынын короосундагы кургап калган жана өсүүсү токтогон бактарды алып салууга жана мектептин тушунда чоң жолдун боюнда ирээтсиз өскөн жапайы кара бактарды жаз алды менен декаративдүү кылып кырктырууну, Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраилов ишке ашырсын .
2.Бактарды алып салуу жана декаративдүү кылып кырктыруу боюнча тиешелүү мекеме менен иш алып баруу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Э.Эшмукамбетов |