КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 9-февралы №24/9
4-март 2021-жылы чыккан №60/7токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Кочкор Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштандыларды чыгаруудагы кызматы үчүн төлөмдү көтөрүү боюнча директору Алмас Аситовдун сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 24-бөлүмүнүн 74-беренесине ылайык «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1.«Кочкор Тазалык» муниципалдык ишканасынын таштандыларды чыгаруудагы кызматы үчүн Кочкор айыл аймагынын тургундарына ар бир түтүнгө төлөм 150 (жүз элүү) сомго көтөрүлсүн.
2.Таштандыларды чыгаруудагы кызматы үчүн өлчөмүн көтөрүүдө түшүндүрүү иштерин мыйзам чегинде алып баруу «Кочкор Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору А.Аситовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
Төрага | Э.Э.Эшмукамбетов |