ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылыш кезексиз XXXVII сессиянын
2024-жылы 14-февралы №4
“Жалал-Абад шаардык кеӊештин 07.09.2023-жылдагы кезектеги XXXI сессиясынын №6-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 05.02.2024-жылдагы чыг.№01-19/467 сандуу каттынын негизинде, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊештин 07.09.2023-жылдагы кезектеги XXXI сессиясынын
№6-токтомунун 1-тиркемесиндеги Жалал-Абад шаардык кеӊештин депутаты Маатжакыпов Жыргалбек Кимсанович комиссиянын курамынан чыгарылып, ордуна Жалал-Абад шаардык кеӊештин депутаты Чыбылыев Уланбек Жоробекович менен толукталсын.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиясына Жалал-Абад шаардык кеӊештин депутатты Тургунбаев Муктарбек Азимович теӊ төрагалыкка эске алынсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбаев. |