ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХXIX кезекcиз сессиясы
2024-жылдын 23-апрели № 149/29-28
«Ассенизаторлук унаа жана толук дөңгөлөктүү жолтандабас унаа сатып алуу» долбоорун өнүктүрүү фонддоруна өтүнмө берүү жөнүндө
“Орловка суу каналы” муниципалдык ишканасынын директору - Т.А.Тентиевдин «Ассенизаторлук унаа жана толук дөңгөлөктүү жолтандабас унаа сатып алуу» долбоорун ишке ашыруунун зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ассенизаторлук унаа жана толук дөңгөлөктүү жолтандабас унаа сатып алуу» долбоорун өнүктүрүү фонддоруна өтүнмө берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - Т.Э.Асанбековго жана Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |