Редакцияот 14.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылыш кезексиз XXXVII сессиянын

 

2024-жылы 14-февралы №6

 

“Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 26.12.2023-жылдагы XXXVI сессиясынын № 10-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 36-беренесине

жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин Регламентинин 7-бөлүмүн негиз кылып, шаардык кеӊештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын сунушун эске алуу менен, шаардык кеңештин кезексиз XXXVII сессия

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 26.12.2023-жылдагы кезектеги XXXVI сессиянынын 10-токтомунун 1-тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Жалал-Абад шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча

туруктуу комиссиясынын курамынан Жоробаев Адилбек Суюнбаевич чыгарылып, ордуна Келдибеков Исламбек Урсамбекович менен толукталсын.

- Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Орозбаев Келдибек Абдиваитович чыгарылып, ордуна Жоробаев Адилбек Суюнбаевич киргизилсин жана комиссиянын төрагасы катары шайлангандыгы эске алынсын.

- Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу Маатжакыпов Жыргалбек Кимсанович чыгарылып, ордуна Чыбылыев Уланбек Жоробекович менен толукталсын.

2. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларына милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага:

 

Н.Орозбаев.